super.kg logo

ФИФА Луис Рубиалести кызматынан убактылуу четтетти

 

Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес испаниялык Женнифер Эрмосону өпкөнү үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, бардык футбол иштеринен четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) сайтында маалымдалды.

Ага Эрмосону жана анын жакын санаалаштары менен байланышуудан же байланышууга аракет кылуудан баш тартуу сунушталат. Ушундай эле сунуш Испаниянын футбол федерациясына жана анын жетекчилерине да берилди.

ФИФАнын Дисциплинардык комитети акыркы чечим кабыл алынмайынча процесстин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат бербейт.

"ФИФА бардык адамдардын бүтүндүгүн урматтоого өзүнүн абсолюттук милдеттенмесин ырастайт. Ошол себептен бардык карама-каршы жүрүм-турумду айыптайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде футболчу кыздардын бирин өөп, сынга кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: