super.kg logo

Сосновкада ЖКККБ кызматкеринин погонун жулуп, формасын жырткан жигит кармалды (видео)

 

Жайыл районунун Сосновка айылында жол кайгуул кызматкерине баш бербей, погондорун жулуп алган жигит кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-августта Чүй облустук ЖКККБдан тастыкташты.

Маалым болгондой, кечээ, 26-августта Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Жайыл районунун Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан Сосновка айылынын Нарежная көчөсүндө алкоголдук ичимдик ичкен деген шек менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анда аталган унаанын жүргүнчүсү укук коргоо органдарына тоскоолдук кылып, коомдук тартипти бузуп, жол кайгуул кызматкеринин погондорун жана кийилүүчү жилетин жулуп алган.

Аталган факты Жайыл РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан К.С.К аттуу жаран кармалды. 2000-жылы туулган, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишин иликтөө уланууда", - деп билдиришти мекемеден.






Сосновкада ЖКККБ кызматкеринин погонун жулуп, формасын айрыган жигит кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2023. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
америкада болгонунда ИТ аткандай атып салмак....атасынын акчасына кооп атат го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: