super.kg logo

Окуучуну мектепке даярдоо канча турат? Бишкектеги "Дордой" базарындагы баалар

 

Жаңы окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Азыркы тапта ата-энелер мектеп босогосун аттай турган балдарына кийим-кече, окуу куралдарын сатып берип, катуу камылга көрүп жаткан чагы. Бишкектеги “Дордой” базарын аралап жүргөн ата-энелердин айтымында, быйыл баалар бир топ кымбаттаган.

SUPER.KG порталы аталган базардагы бааларга саресеп салып, балдардын мектепке даярдыгы канча турарына кызыгып көрдү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, быйыл өлкөнүн билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ болушу керек. Тагыраагы, окуучулар үстү ачык, асты кара түстөгү форманы кийсе болот. Спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Аталган базарда кыздардын жана эркек балдардын мектепке кийүүчү ак көйнөгүнүн баасы 700 сомдон башталат. Юбка, сумка дагы дээрлик мына ушундай баада. Ал эми бут кийимдер сапатына жараша 1000 сомдон өйдө. Дене тарбия сабагына кийүүчү спорттук кийим-кечелеринин баалары 1500 сомдон башталат. Башталгыч класстагы окуучулардын мектепке кие турган кара түстөгү шымдары 1200 сомдон башталса, ал эми жогорку класстагылардыкы 1500 сомдон өйдө. Кыздардын чачына тагыла турчу бантиктердин баасы 100 сомдон. Албетте, сапатына карай кийимдердин баалары да өзгөрүп турарын эсиңизге салабыз.

Ушул тапта окуучунун кадимки 12 барактуу дептери 4 сомдон башталып сатылат. Көп барактуу, калың тыштуу дептерлердин баалары 40 сомдон өйдө. Дептер үчүн тыш 5 сомдон болсо, китептердики 25 сомдон. Калемсаптар 25 сомдон, калем 15 сомдон болсо, сүрөт тартуучу алты түстүү калем 100 сомдон, альбом 70 сомдон башталат. Учтагыч, өчүргүчтүн баалары 20 сомдон өйдө.

Быйылкы жылы балдардын кийим-кечектерине жана окуу куралдарына баалар жылдагыдан кымбаттап кеткендигин ата-энелер белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: