Бишкекте педагогдордун август конференциясы өтүп жатат






Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарында педагогдордун август конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда “Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун август конференциясы башталды. Ага жогорку окуу жайлардын, райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын, мектептердин директорлору катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар билим берүү тармагынын кызматкерлерине Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы тапшырылары айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.