Өлкөдө апта ичинде 22 миң 280 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды
Кыргызстанда акыркы жумада 22 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- мас абалында рулга отуруу - 250;
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 254;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 5 020;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 215;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 54;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу- 4 087;
- автоээнбаштык - 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 390.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 370 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.