super.kg logo

Бишкекте эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармоо учурунда качышкан. Аларга ок атылды 

 

Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 килограмм мефедрон менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын ири партияларын ташуу каналдарын жабуу боюнча биргелешкен баңгизатка каршы программанын алкагында эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 1995-жылы туулган Т.Т, 1996-жылы туулган Ж.А.А кармалган.

"Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүп, жашынууга аракет кылышкан. Буга байланыштуу аларды кармоо үчүн ок атуучу курал жана атайын каражаттар колдонулган. Кармалгандан кийин алардын унаасын тинтүү учурунда 18 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган", - деп жазылат анда.

Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун дагы бир мүчөсү 2003-жылы туулган О.Л.А. кармалган. Ал баңгизатты таңгактоо жана мессенжерлер аркылуу сатуу менен алектенип, өлкөнүн бардык аймагына жөнөтүп жүргөнү айтылат.

"Кармалган Т.Т, жана Ж.А.А материалдык пайда алуу максатында узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын сатуу үчүн чек арага чектеш өлкөлөргө ташуу жана эл аралык жөнөтүү менен активдүү алектенип келишкен. Ал эми О.Л.А. көп убакыттан бери Орусиянын Волгоград шаарында баңгизатты белгилүү бир дарекке таштап кетүү менен алектенип жүргөн.

Жогоруда аталган баңги топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк кураторлор тарабынан мобилдик мессенджерлер аркылуу көзөмөлгө алынган.
Бул атайын операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана атайын кызматтын кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4,7 килограммдан ашык "мефедрон" психотроптук затын табышкан", - деп жазылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган жарандардан табылган "мефедрон" психотроптук заттын 28 миң даана дозасынын тарап кетүүсүнө бөгөт коюлганы айтылат. Алардын психотроптук затты мыйзамсыз жүргүртүүсүнөн алынган кирешеси 25 миллион 850 миң сомду түзмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана өлкө аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты алып келүүчү каналдарды жабуу боюнча ведомстволор аралык кошумча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: