super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: Ошто өтүп жаткан Президенттин кубогуна аз гана команда катышууда

 

Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү спортуна арналган Президенттин кубогу быйыл Ош облусунда өтүүдө. Мелдеш 28-31-август күндөрүнө белгиленген. Бирок жылдагыдан айырмаланып бул жолку турнирге аз санда гана командалар катышып жатат.

Көк бөрү федерациясы кечээ, 27-августта чүчү кулактын жыйынтыгын жарыялады. Анда 3 лигада биригип, жалпы 9 гана команда ат салыша турганы белгилүү болду. Атап айтсак, Жогорку лигада "Достук", "Ынтымак", "Жаштык" жана "Мурас" командалары күч сынашат. Лиганын күчтүү клубдарынын бири болгон "Сары-Өзөн" мелдешке келген эмес.

Биринчи лигада 2 гана команда, тагыраагы "Өзгөн" жана "Кара-Кулжа" командалары кубокту талашат.

Ал эми Экинчи лигада ойноого 3 гана команда келген. Алар: "Кара-суу", "Биримдик" жана "Ош шаары".

Мелдешке көпчүлүк командалардын келбей калышы 20-августта жыйынтыкталган Чолпон-Атадагы Дүйнө чемпиондугу менен байланыштырылууда. Аталган ири мелдеште аргымактар чарчап, удаасы менен уюштурулган турнирге чыга албай калды деген себептер айтылып жатат. Анткен менен социалдык тармактарда келбеген командаларга карата нааразычылыктар күч алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2023. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркекче болбой калыптыр сары өзөн Чүй Суусамыр командалары өлүп калдыңарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: