super.kg logo

Таласта бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды

 

Талас облусунда социалдык маанидеги объектилерди курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндөТурак жай-курулуш департаментинин алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары башкы подрядчы жана башка кызыкдар тараптар менен сүйлөшүп алып, Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылындагы суу өткөргүч жана суу түтүктөрү объектинин курулушу үчүн аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо менен, курулушка бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталды. Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматынын корутундусуна ылайык, мамлекетке 1 миллион 191 миң 670 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, учурда анын орду толук толтурулду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын укук бузууларын аныктоо жана көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катышкандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: