Тоңдо сел жүрүп, 30га жакын турак үйдү каптады (фото)




Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 30га жакын турак үйдү суу басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар чогулуп, айылды каптаган. Ылай суу турак үйлөрдүн короо-жайларын, жер төлөлөрүн жана ички жолдорго жайылып, зыянга учураткан.
Бүгүн, 28-августта аталган аймакка ӨКМдан 40тан ашуун кызматкер барып, 8 техниканын жардамы менен турак үйлөрдү сел суусунан тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.