super.kg logo

Ленин районунда шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү

 

Ленин районунда шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, муниципалдык администрациянын жыйындар залында Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана округдун участкалык шайлоо комиссияларына Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, уюштуруу маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.

Анда райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ар бир шайлоо участкасында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана башка маселелер талкууланганы айтылат.
"Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү тапшырылды.
Урматтуу шаар тургундары, Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өлкөнүн Жогорку Кеңешинин депутатын кайрадан шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт.
Буга байланыштуу муниципалдык администрация бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоого чакырат, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШК жайгашкан жерди тактоо үчүн 119-маалымат кызматына ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: