Тоңдогу сел жүргөн аймакка "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди








Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок-1 айылында селге байланыштуу "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылындагы селдин кесепетинен улам түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.
Учурда жеринде ӨКМдан 32 куткаруучу, 6 техника. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар тазалоо, жөнгө салуу иштерин аткарып жатышканы айтылды.
Буга чейин селдин кесепетинен 30га жакын турак үйдү суу каптаганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.