super.kg logo

УКМК энергетика тармагында каржылык көз боёмочулуктун бетин ачканын билдирди

 

Баткен районунун электр тармактар ишканасында электр энергиясын керектөөгө жана төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу каржылык алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда электр энергиясын керектөө үчүн узак убакыттан бери төлөм аткарбаган бир катар коммерциялык жана коммерциялык эмес абоненттер бар экендиги аныкталды.

"Алардын айрымдары Баткен райондук электр тармактарынын кызматкерлеринин патронажынан пайдаланып, акча төлөөдөн бошотулуп, жарыкты өчүрүүдөн качышкан. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече жылда жылына 10 миллион сомго чейин карыздар түзүлүп келген.

Карыздарды жабуу максатында Баткен райондук электр тармактарынын кызматкерлери, Баткен шаарынын жана Баткен районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен келишим түзүшкөн, ошондой эле электр энергиясын формалдуу түрдө кошумча керектөө үчүн башка мамлекеттик органдардан мыйзамсыз төлөм алынган", - деп жазылган маалыматта.

Натыйжада бул мамлекеттик мекемелер мыйзамсыз чегерүүлөрдү мамлекеттик бюджеттен накталай төлөшкөнү айтылат.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: