super.kg logo

Кыргызстан менен Палестинанын тышкы иштер министрлери бир катар келишимдерге кол коюшту

 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики эки тараптуу келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар төмөнкү документтерди бекитти:

1. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Палестина Мамлекетинин WAFA-жаңылыктар жана маалымат агенттигинин ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
2. Министрлер кабинети менен Палестина мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
3. Айыл чарба министрлиги менен Палестина өлкөсүнүн Айыл чарба министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
4. Эки өлкө ортосундагы саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
5. Тышкы иштер министрлиги менен Палестинанын Тышкы иштер жана экспатрианттар министрлигинин ортосундагы саясий консультациялар жөнүндө протокол.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-август күнү өлкөгө Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики иш сапары менен келген.

Эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелер өтүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү талкууланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: