super.kg logo

Кызыл-Кыяда ит тиштеп ооруканага жаткырылгандардын алтоосу үйүнө чыкты

 

Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит тиштеп ооруканага жаткырылган 8 бейтаптын алтоосу үйүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта SUPER.KG сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Усенбаев Нурболот билдирди.

Маалым болгондой, бейтаптардын бардыгы эмдөөдөн өтүп, учурда тиешелүү мекеме тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ал эми жарааты жакшы болгон бейтаптар ооруканадан чыгарылган. Усенбаев билдиргендей, ооруканадагы эки бейтап да жакынкы аралыкта үйүнө чыгат.

Ошондой эле Усенбаев шаардык мэрия тарабынан айрым жолбун иттер жок кылынып, ит-мышыктарга кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлгөнүн билдирди.

Эске салсак, 25-августта Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун белгисиз ит тиштеп алганы белгилүү болгон. Ит табылып жок кылынган. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынган. Ошондой эле иттин буга чейин 3 бодо малды тиштеп алганы аныкталган.

Ал эми жабыркагандар Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: