"Мен айылда, үй-бүлөм Америкада...". Хит ырлардын ээси Эрлан Андашев 36 жашка чыкты
"Кечир мени", "Сүйүп кадым кантейин", "Ашыгым", "Ооба билем" жана башка хит ырлардын ээси болгон ырчы Эрлан Андашев бүгүн, 29-августта 36 жашка чыкты. Ырчы бул жылкы туулган күнүндө туулуп-өскөн айылында экенин билдирди.

"Учурда өзүмдүн кичи мекенимде эс алуудамын. Өздүк майрамым жакын адамдарымдын куттуктоолору менен башталды. Бул жолку туулган күнүм жубайым, үй-бүлөм Америкада, мен Кыргызстанда болгонум менен өзгөчөлөнүп жатат.
Азыркы убактарда жаңы ыр, клиптердин үстүндө иштеп жатабыз. Жандуу оркестр менен Ош шаарында боло турган концертке даярдануудамын", - деди ал.

Эрлан Андашев 1987-жылы 29-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепти аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.



0

Супер-Инфо
super.kg видео
















