Бишкекте 1-сентябрдан тарта 200дөн ашык жаңы автобус каттамга чыгат (видео)













1-сентябрдан тарта 220 жаңы автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайдан келиши күтүлүп жаткан Zhong Tong үлгүсүндөгү газ менен жүрүүчү 1000 автобустун 170и Бишкекке келип жетти. Буга чейин 13-августта 50 автобус келген. Учурда аларга мамлекеттик номер алуу, каттоо жана башка документ иштери жөнгө салынууда. Аталган иштер аяктагандан кийин 220 автобустун каттамга чыгышы 1-сентябрга пландалып жатканы айтылды.
Мэрия ошондой эле Бишкектин чоң көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн атайын чийиндер чийилип жатканын белгиледи. Жолдогу мындай өзүнчө тилкеден автобус, троллейбус жана кичи маршруттук таксилер гана каттай алат. Аталган тилке менен айдаган башка айдоочуларга айып пул салынат.
Эске салсак, кытайлык Zhong Tong компаниясынан газ кыймылдаткычтуу 1000 даана автобус сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Долбоор президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) колдоосу менен ишке ашырылууда. Автобустардын калган бөлүгү 2024-жылдын биринчи кварталында келери буга чейин белгиленген.
Жаңы автобустар, коомдук транспорт үчүн атайын жол чийиндер
