Билим берүү жаатындагы маселелер боюнча ишеним телефондору иштей баштады
Өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча бирдиктүү ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, министрликтин билим жаатындагы бардык көйгөйлөр боюнча бирдиктүү ишеним телефону (0999 800 500) иштей баштады.
Бул өлкө башчы Садыр Жапаровдун 26-майдагы “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн.
"Ишеним телефону аркылуу ар кандай акча чогултууларды, маселелерди жана арызданууларды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар. Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот", - деп жазылат анда.
Ишеним телефону күнү-түнү иш алып барары айтылат.

