Депутат Примов ата-энесинен ажыраган 1000 балага окуу формаларын жана окуу куралдарын алып берди
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Алай районуна жасаган иш сапарынын алкагында муктаж үй-бүлөнүн балдарына окуу формаларын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттын демилгеси жана көмөгү менен Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн райондорундагы жана Ош шаарындагы ата-энесинен ажыраган 1000 балага жаңы окуу жылына карата окуу формалары жана окуу куралдары камдалып, жеринде балдарга тапшырылды.
Өз сөзүндө Улан Примов “Келечегин кепилдикке алууну каалаган эл, туш тарапка сарптаган убакыт, мүмкүнчүлүктөрүн эртеңки күндүн улуу адамдары боло турган жаш муундарынын таалим-тарбиясына жумшашы зарыл”- деп баса белгиледи.
Ошондой эле Эгемендүүлүк майрамына карата райондун спорт ышкыбоздоруна Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө спорттук иш-чара уюштурулду. Ага 12 жашка чейинки жаш муундар арасындагы облустар аралык оюнчулар катышып, жеңүүчүлөргө эл өкүлү Улан Примовдун байгелүү кубогу, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

