super.kg logo

Милиция кызматкерлери 31-августта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 

Өлкөдө милиция кызматкерлери эгемендүүлүк күнүнө карата "Жогорулатылган" тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 30-августтан 1-сентябрга чейинки убакыт аралыгында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө, коомдук тартипти жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы "Жогорулатылган" күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өтөт.

"Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, милиция кызматкерлеринин майрам учурунда сырткы келбетине, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү жана мыйзамдардын так аткарылуусун камсыз кылуу болуп эсептелет", - деп жазылат анда.

Мындан тышкары, ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатканы айтылат.

Ошондой эле майрам күнү 11 миңден ашык милиция кызматкерлери жогорулатылган тартипте иш алып барышары кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: