super.kg logo

Казакстанда ММА мушташын көрсөтүүгө тыюу салынат

 

Казакстанда эл арасында зордук-зомбулуктун деңгээлин азайтуу максатында ММА мушташтарын көрсөтүү чектелет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Министрдин айтымында, мындай чаралар калк арасындагы зордук-зомбулуктун деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши керек.

"Зордук-зомбулукту азайтуу үчүн биз спорттун түрлөрүнө да чектөө киргизебиз, мисалы ММА түрүнө. Анткени көпчүлүк учурда мындай программаларды көргөн өспүрүмдөр, өзгөчө мектеп окуучулары бири-бирине кол көтөрүп, ошол эле ыкмаларды колдонууга аракет кылышат", - деп билдирген Кыдырали.

Ал эми министрдин билдирүүсүн белгилүү UFC мушкери Шавкат Рахмонов сынга алып, мындай пикирге кошулбай турганын билдирген.

"Зордук-зомбулук, ырайымсыздык биздин спортту жаратат деп ойлосоңуз, анда менимче, көптөр сиз менен макул эмес. Көйгөйдүн тамырын башка жактан издеңиз. Биздин спорт азыр эбегейсиз популярдуулукка ээ болууда. Биздин спортчулар дүйнөлүк ареналарда өздөрүн көрсөтүп, өлкөбүздүн желегин жана имиджин сыймыктануу менен бийик көтөрүүдө", - деген ал.

Эске салсак, ММА же болбосо аралаш мушташ өнөрү дүйнөдөгү белгилүү спорт түрүнө кирет. Өзгөчө UFC жана PFC уюмдарынан кийин популярдуулукка жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.08.2023. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак туугандардын чечимин колдойм, КР де да чектоолорду кылуусун каалайм, учурда бизде дин, мушкер, сакал жаштардын психологиясын бузуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: