super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы жаңжал: Кыргыз калысы Рамина Цой үн катты

 

Бүгүн, 29-августта Бишкекте кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылган кыргыз калысы Рамина Цой маалымат жыйын өткөрдү.

Маалымат жыйында журналисттер Рамина Цойдон финалдык оюндан кийин Испания футбол федерациясынын башчысы футболчу кызды өпкөнүн кандай көз карашта экенин сурашты.

"Албетте, мен бул жөнүндө билем, мен бул окуя боюнча пикиримди деле айта албайм. Бул окуя кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпиондугун популярдуу кылды деп жатышат. Бул окуяга чейин эле стадиондорго 2 миллиондой адам келген. Бул эң көп көрүү топтогон Дүйнө чемпиондугу болду", - деп жооп берди Рамина Цой.

Эске салсак, буга чейин Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Женнифер Эрмосону өөп, сынга кабылган. Эрмосо бул окуя боюнча комментарий берип, Рубиалестин өпкөнүн жактырбаганын билдирген.

Көп өтпөй, Луис Рубиалес кылыгы үчүн кечирим сурап, ФИФА текшерүү иштерин баштаганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: