super.kg logo

Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун легендалары менен жолугушту (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарындагы "Барселона" футбол академиясынын ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Жоан Лапорта жетектеген "Барселона" футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысы "Барселона" клубунун легендалары өлкөгө болгон сапары менен кыргызстандык күйөрмандарга көптөгөн жаркын сезимдерди тартуулай турганын канааттануу менен белгиледи.

Ал клубдун легендалары менен жолугушуудан шыктанган Кыргызстандын жаш футболчулары келечекте өлкөнү Дүйнө чемпиондугуна алып чыгарына ишенимин билдирди.

Президент Жапаров кыргызстандыктарга футболдук чоң майрам тартуулап, жергебизге сапар алып келгени үчүн меймандарга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта ал башында турган футбол академиясынын Кыргызстанда ачылышын канааттануу менен белгиледи. Ал башкы филиалдагыдай окутуу ыкмасы колдонуларын баса белгиледи.

Буга байланыштуу Жоан Лапорта Кыргызстанда клубдун футбол академияларын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул иштеги мамлекет башчынын жеке эмгегин баса көрсөттү.

Соңунда президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын эшиги дүйнөлүк футбол жылдыздары үчүн ачык экенин белгилеп, алардын өлкөбүзгө бат-баттан келип туруусуна тилектештигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: