Кыргызстандагы эң чоң "Көк-Арт" тоннели казылып бүттү










Кыргызстандагы эң чоң "Көк-Арт" тоннелин казуу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Министрдин айтымында, узундугу 3890 метрди түзгөн өлкөдөгү эң чоң "Көк-Арт" тоннелинин түндүк жана түштүк бөлүгүнүн туташтырылышы аяктап, азыркы тапта кошумча казуу жана бекемдөө иштери уланууда. Бул тоннель "Түндүк-Түштүк альтернативдик жол" долбоорунун алкагында курулуп жатат.
Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымындагы Казарман - Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.
Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр, ал эми эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар жасалган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Объект даяр болгондон кийин карама-каршы келе жаткан оор жүк ташуучу унаа эркин өтүп, жол тыгындары жаралбайт.
Долбоордун баасы 136 миллион АКШ долларын түзөт. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-02
8:37
2025-07-02
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Рахманбек

29.08.2023. 14:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уррааа. Айткылачы ушул тапта жаны салынган жол менен Бишкектен Ошко чейин озумдун унаам менен барсам болобу жол барбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.