Министрлик: "Жарандар убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын онлайн алса болот"
Кыргызстандыктар эми убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын онлайн түрдө алса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында тесттик режимде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу боюнча жаңы кызмат ишке кирди.
Ал үчүн portal.tunduk.kg порталына же "Tunduk" мобилдик тиркемесине кирип, андан соң “Ден соолук” бөлүмүндөгү “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо керек.
Мындан ары жарандар атайын маалыматтык системанын жардамы менен аны толтуруп, өткөрүп жана сактай алышат.
"Жарандын жеке маалыматтары маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылган "Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы»"маалымат системасында сакталат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчалары үчүнчү тараптарга жеткиликсиз", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы оору же тиричиликте кырсыкка учураганда жарандарды жумуштан же окуудан бошотуу үчүн талап кылынат. Ошондой эле ал иштеп жаткан жарандардын жөлөк пул алуу учурунда колдонулат. Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулунун өлчөмү эки эсе көбөйтүлгөнүн билдирген.



