Каратэ боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугунда 13 медаль жеңди








Өлкөнүн каратэ шотокан боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 13 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалым болгондой, курама команданын мүчөлөрү Венгриянын Дьёр шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 алтын, 3 күмүш, 5 коло медаль жеңди.
Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, ага 50 мамлекеттен миңден ашуун спортчу катышканы айтылат.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Алтын медалдын ээлери:
1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);
2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш);
3. Адилхан Монолдоров (15-17 жаш командалык беттеш);
4. Эльмырза Байышов (15-17 жаш командалык беттеш);
5. Самуил Койчубеков (15-17 жаш командалык беттеш);
Күмүш медалдын ээлери:
1. Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш ката);
2. Эльмырза Байышов (14-15 жаш ката);
3. Эльмырза Байышов (14-15 жаш кумитэ);
Коло медалдын ээлери:
1. Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);
2. Айдар Жолчиев (12-13 жаш кумитэ);
3. Фарух Акбаралиев (18-19 жаш кумитэ);
4. Абдибек Апсатаров (20-39 жаш -65 чейинки салмактан, кумитэ);
5. Самарбек Долотбаев (20-39 жаш -85 килограмм салмакта, кумитэ).
Курама команда машыктыруучулар Ан Иннокентий, Бекмурза Эргешов жана Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.