Каныбек Иманалиев мугалимдерге миң орундуу пансионат салынарын айтты




Келерки жылы мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат салынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев педагогдордун август конференциясында билдирди.
Бүгүн Бишкек шаарында педагогдордун август конференциясы өтүүдө. Анда министр Каныбек Иманалиев мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат салынып, президенттин 25-августта берген тапшырмасына ылайык, 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын айтты.
Ошондой эле бул долбоордун жер маселеси чечилгенин билдирди.
Мындан тышкары министр өлкөдөгү бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай жана андагы түзүлгөн бир катар шарттарды атап өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.