Токтогулда Гемодиализ борбору ачылды
Токтогул районунда Гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Гемодиализ борбору өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды жогорку технологиялык дарылоону камсыз кылган заманбап диализ аппараттары менен жабдылган.
Алгач төрт аппарат тажрыйбалуу медициналык адистердин көзөмөлүндө иштеп, процедуралардын коопсуздугуна жана сапатына кепилдик берет. Андан ары гемодиализ аппараттарын жетиге чейин көбөйтүү пландалууда. Эми бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптар гемодиализ алуу үчүн борборго же башка шаарларга барбай, өз үйлөрүнөн барып дарыланып турушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.