super.kg logo

"Кыз 25 жашка чыга элек болсо". Кытайда жаңы үйлөнгөндөргө акчалай сыйлык берилмей болду

 

Кытайда үй-бүлө куруп жаткан кыз 25ке чыга элек болсо, анда жаңы үйлөнгөндөргө акчалай сыйлык берилет. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайдын чыгышындагы Чаншан округу 25 жаштан кичүү кыздар турмушка чыгышса, жубайларга 1 000 юань (137 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берет. Мындай чечим Кытайда төрөттүн жана калктын санынын азайышына байланыштуу жаштарды никеге турууга үндөө үчүн кабыл алынган.

Өткөн аптада Чаншан округунун расмий WeChat аккаунтунда жарыяланган билдирүүдө, сыйлык жаңы үйлөнгөндөрдөн сырткары, балдарды багуу жана аларга билим берүү үчүн бир катар жеңилдиктерди камтыйт.

Эске салсак, Кытайда мыйзамдуу түрдө никеге туруунун минималдуу жашы эркектер үчүн 22, аялдар үчүн 20 жашты түзөт. Июнь айында жарыяланган маалыматына ылайык, 2022-жылы 6,8 миллион нике кыйылган. Бул 2021-жылга караганда 800 миңге аз экени аныкталган.

Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Кытайда балдардын төрөлүшү дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Буга жаштардын кесибин жоготуп алуудан корккону себеп экени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: