ТИМ Орусиядагы массалык мушташтан бычакталган кыргыз жараны боюнча билдирүү жасады
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Электросталь шаарында болгон мушташта Кыргыз жаранынын бычакталышы боюнча билдирүү жасады.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Москва облусунун Электросталь шаарындагы “Фрязево” темир жол станциясында массалык мушташ болуп, анын кесепетинен кыргызстандык жаран жабыркаган.
"Электросталь шаарынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматына караганда, бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Жабыркаган Кыргыз жаранына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда ал үйүнө чыгарылган.
Учурда тергөө иштери уланууда. Элчилик тарабынан Орусиянын аталган аймагынын компетенттүү органдарына тиешелүү каттар жөнөтүлдү", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Эске салсак, Орусиянын Электросталь шаарында жумушчулардын ортосунда массалык мушташ катталып, анда бир кыргызстандыктын бычакталганы кабарланган.
