super.kg logo

Түркиянын акыйкатчысы сентябрда Кыргызстанга келет

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Жолугушууда эки өлкөнүн акыйкатчылары ушул жылдын сентябрь айынын башында Бишкекке келе турган Шереф Малкочтун расмий иш сапары боюнча макулдашты.

Жаманбаева Шереф Малкочтун адам укуктарын сактоону камсыз кылуу жаатында ар өлкөнүн акыйкатчыларын бириктирүүгө кошкон салымын, ошондой эле адам укуктары боюнча Акыйкатчылар институттарынын ассоциациясын түзүүдөгү эмгегин белгилеп өттү.

"Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыз жемиштүү болот деп күтүп жатабыз жана сиз менен Түркиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди кеңири талкуулай алабыз", - деди Жаманбаева.

Шереф Малкоч өз кезегинде Жамиля Жаманбаеваны Ислам кызматташтык уюмунун акыйкатчыларынын кезектеги жыйынына катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: