super.kg logo

Чүйдө буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектүү 1 жылдан кийин кармалды

 

Мурда бир нече жолу соттолгон, оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, издөөдө жүргөн Ош облусунун 1992-жылы туулган Х.А. аттуу тургуну Чүй облусунун Панфилов районунун аймагынан кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү), 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 2022-жылдын жаз айларында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды уурдап кетип, денесине оор залал келтиришкен. Көп өтпөй жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Тергөө учурунда окуяга тиешеси бар төрт адам кармалган. Алардын бардыгына кылмыш иши козголуп, учурда жазасын өтөп жатышат. Ал эми Х.А. аттуу жаран изин жашырып жүргөн. Ага карата издөө жарыяланган.

Ошондой эле издөөдө жүргөн адамдын 2023-жылдын июль айында Жалал-Абад шаарынын тургунунун уюлдук телефонун тартып алып, анын электрондук капчыгынан 52 миң сомдон ашык акча каражатын чыгарып кеткен окуяга тиешеси бар экени аныкталган.

Министрликтен билдиришкендей, кармалган адам Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: