super.kg logo

ТЕСТ: "Көчө" тасмасы тууралуу эмнелерди билесиз?

 

"Ээй, ээй аппагым! Сен менен өттү жаш чагым!". Бул ыр саптары жаңырганда ийинине электр зымдарын асынып алып, көчөнү жаңырта обон созуп келе жаткан "Көчө" тасмасындагы Аваздын образы эсиңизге келсе керек. Элеттиктердин күнүмдүк жашоосунан алынган өзгөчө окуялар менен көрүүчүнү күлкүгө бөлөгөн фильмди 1972-жылы режиссёр Геннадий Базаров тарткан. Андан бери жарым кылым убакыт өтсө да тасмадагы Унсун чоң эне, Туман аба, Борош аба, Ормотой шыбакчы, Нишан карыя, Сейил, Жалил, Аваз сыяктуу каармандар азыркыга чейин ар бир көрүүчүнүн жүрөгүндө сакталып келет.

"Бейиши болгур чоӊ атаӊ түшүмө кириптир. Өлөт окшойм. Сен мен үйрөткөн кошокту унута элексиңби? Кана жакшылап бир ыйлап, чоң энеңди кубантып койчу", - деген Унсун чоң эненин, "Сен өлүп тажабадың, мен көмүп тажабадым", - деген Аваздын сахнасы фильмдин эң эсте калган эпизоддорунун бири.

Анда келиңиз, сиз сүйгөн "Көчө" фильмин башынан эстеп, тасма тууралуу түзүлгөн тестке катышып көрүңүз! Кинонун канчасы эсибизде калганын сынайлы!


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

"Көчө" тасмасында кайсы айылдын адамдары жөнүндө баяндалат?

Тасмадагы окуялар Беш-Кемпир айылындагы жашоочулардын турмушун чагылдырат.

Кийинки суроо


Теңдик айылы
Жаңы-Көчө айылы
Жаңы-Жол айылы
Беш-Кемпир айылы

Тасмада Аваз чоң энесинин суранычын аткарып, ага кошок кошуу үчүн ордуна эмне сурайт?

Аваз чоң энесинин өтүнүчүн аткарып, кошок кошуп, сүйүнткөнү үчүн ордуна киного акча сурайт.

Кийинки суроо


Шаарга жиберишин
Киного акча беришин
Какыр-Сайга көчпөй, Беш-Кемпирде калууну
Китеп сатып беришин

Аваз ашык болгон Коңурбай бригадирдин кызы ким?

Аваз жактырып жүргөн Коңурбай бригадирдин кызы Малике.

Кийинки суроо


Малике
Асель
Мырзагүл
Роза

ГЭС курулуп, Беш-Кемпир суунун астында калат деген кабардан кийин айылдыктар кайсы аймакка көчүп барышат?

ГЭС курулуп, Беш-Кемпир суу сактагычтын астында калат деген кабардан кийин айылдыктардын баары Какыр-Сайга көчүүгө аргасыз болушат?

Кийинки суроо


Кургак-Коого
Кум-Белге
Какыр-Сайга
Чоң-Адырга

"Биздин райондогу колхоздордун ар биринде сенин бирден апаң бар" деген Туман аба (Аваздын атасы) канча жолу үйлөнгөн?

Тасмадагы Туман уулу Аваз менен кекилик кармаганы келгенде 4 жолу үйлөнгөнүн айтат. "Биздин райондогу колхоздордун ар биринде сенин бирден апаң бар" деп тамашалайт.

Кийинки суроо


2
3
4
5

Какыр-Сайга биринчи болуп ким көчүп жөнөйт?

Какыр-Сайга биринчи болуп ээрчи Нишан Карыя көчүп жөнөйт. Анын чапкан ээрлерин мектеп окуучулары ташып, жардамдашат.

Кийинки суроо


Алыбай ветеринар
Ормотой шыбакчы
Токтор бешикчи
Нишан карыя (ээрчи)

Борош абанын шаардан келген "билерман" небереси Жали ким болуп иштейт?

Борош абанын шаарда жүрүп, кийин айылга келген "билерман" небереси Жали тиш дарыгери болуп иштейт.

Кийинки суроо


Тиш дарыгери
Мугалим
Милиция
Айдоочу

Ормотой шыбакчынын жанындай көргөн, керек болсо аялына да алмашпай турган жаныбары кайсы?

Ормотой шыбакчынын жанындай көргөн жаныбары короз. Ал керек болсо "Сейил (аялы) корозуңду алып кетип калды" дегенди укканда тиш салдырып жаткан жеринен чуркап жөнөйт.

Кийинки суроо


Ат
Короз
Бука
Ит

Фильмдин аягында Жалинин эки кабаттуу үйүн ким сатып алат?

Жалинин эки кабаттуу үйүн Туман аба сатып алат. Жали мурдагы жубайы Розадан Маликенин калыңын кайтарып алыш үчүн үйүн бир жарым миң сомго сатууга аргасыз болот.

Кийинки суроо


Алыбай
Сейил
Ормотой
Туман

Какыр-Сайдагы жаңы көчөгө кандай ысым ыйгарылат?

Какыр-Сайдагы жаңы көчөгө Токтогул көчөсү деген ысым берилет. Көчөнүн аталышы жазылган такталарды Борош аба ар бир үйгө тагып чыгат.

Кийинки суроо


Эркиндик көчөсү
Токтогул көчөсү
Ынтымак көчөсү
Жаңы-Жол көчөсү

Ормотой шыбакчынын биринчи аялы Сейилге көңүлү түшүп жүргөн Туман акыры кимге үйлөнөт?

Ормотой шыбакчынын биринчи аялы Сейилге көңүлү түшүп жүргөн Туман акыры Жалинин шаардан келген аялы Розага үйлөнөт. Розаны Жалинин атасы Борош аба кабыл албай койгондо Туман баласы менен кошо алып калат.

Кийинки суроо


Зыйнатка
Сейилге
Маликеге
Розага

Фильмде Аваз ырдаган "Аппагым" ырынын аткаруучусу ким?

Аваз ырдаган "Аппагым" ырынын автору ырчы, обончу Мукан Рыскулбеков. Аталган ырдын сөзүн жазуучу Ашым Жакыпбеков жазган.

Кийинки суроо


Мукан Рыскулбеков
Апаз Жайнаков
Рыспай Абдыкадыров
Түгөлбай Казаков

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: