Жалал-Абадда бир катар милиция бөлүмдөрүнө жаңы унаалар тапшырылды (сүрөт)






Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик" аянтында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеӊишбек Абитов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.
Октябрь Урмамбетов өздүк курамды келе жаткан 31-август - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, майрам учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, кызматтык тартипти бузбоого чакырды. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин сырткы келбетине байланыштуу бир катар кемчиликтерди белгилеп, тез арада жоюу тапшырмасын койду.
Мындан сырткары Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука милиция бөлүмдөрүнө 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган Шевроле Нексия үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын жана спортто жетишкен ийгиликтери үчүн ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлерине медалдарды тапшырды.
Андан соӊ Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппараты, кайгуул күзөт кызматы, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука милиция бөлүмдөрүнүн, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгүнүн, ИИМдин күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн өздүк курамы жана техникалары салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү "Барселона" футболдук клубунун легендарлуу оюнчуларынын келүүсүнө байланыштуу жана майрам күнү облус аймагында миӊден ашуун милиция коомдук тартипти жана жол кыймылын көзөмөлдөйт.

