super.kg logo

Баткенде Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленет

 

Баткен шаарында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, 31-август күнү борбордук стадиондо саат 10:00дө кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү болот.

Саат 10:45те майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталып, жетекчилердин куттуктоосу менен бирге театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланат. Мында кошуна Өзбекстандын белгилүү эстрада жылдыздары да өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Саат 12:40та майрамдын урматына спорттук иш-чаралар башталат: Улуттук кыргыз күрөшү, аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана стол үстүндөгү теннис боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдеш өтөт. Ар бир спорттук оюндар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер тапшырылат.

Президенттин өкүлчүлүгү баткендиктерди шаардын борбордук стадионундагы майрамдык маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, көңүл ачып кетүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: