super.kg logo
  Спорт  

"Полиция кармап кеткен".  Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келбей калды

 

Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта "Барселона" футбол академиясынын президенти Айбек Алимбаев билдирди.

Белгиленгендей, бразилиялык футболчу Бишкекте өтө турган Барселонанын жана Азиянын ардагер оюнчуларынын беттешине катышпай калды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Роналдиньону кармап, паспортун алып коюшкан. Бирок уюштуруучулар эртеңкиге чейин кырдаал жөнгө салынып, кошумча маалымат пайда болот деп үмүт артып жатышат.

Эскерте кетсек, легендарлуу футболчунун Кыргызстанга келбей турганы боюнча маалыматтар буга чейин айтылган. Анын Бразилиядан чыгуусуна тыюу салынганы айтылган. Мындай тыюу футболчунун "алдамчылык" иши боюнча сот отурумдарына келбегендигине байланыштуу киргизилгени кабарланган.

Кошумчаласак, эртең, 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен беттешет.

Ал эми бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: