super.kg logo

Сүйөркулов, Исанов жана Ахунбаевге каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

 

Кыргызстандын үч тарыхый инсанына каза болгондон кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалымдалгандай, Кыргыз медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Ахунбаев Иса Коноевичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Ошондой эле мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Сүйөркулов Абды Сүйөкуловичке да эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Ушундай эле артыкчылык даражасы мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго да ыйгарылды (каза болгондон кийин).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: