super.kg logo

Кытай башка эки өлкөнүн аймагын өзүнө кошуп, өлкөнүн жаңы картасын бекитти

 

Коңшу Кытайдын мамлекеттик "Стандарттык карталардын картографиялык кызматы" сайты 2023-жылга карата расмий түрдө бекитилген географиялык картасынын жаңы топтомун чыгарды.

Ал сайтта Орусиянын аймагы Кытайдын бир бөлүгү катары белгиленген.

Кеп Амур дарыясынын жээгинде жайгашкан, 2008-жылы Орусия менен Кытайдын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык бөлүнгөн Большой Уссурийский аралы жөнүндө болуп жатат. Жарыяланган картада арал өлкөнүн эң чыгыш чекити катары өзүнчө көрсөтүлгөн.

Кытай Түштүк Тибет деп атаган Индиянын Аруначал-Прадеш штаты жана 1962-жылдагы согуш учурунда Кытай басып алган Ладактагы чек арага жакын Аксай Чин аймагы да жаңы географиялык картада Кытайдын аймагынын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

Индия Кытайга "Аруначал-Прадеш Индиянын ажырагыс бөлүгү болуп келген, болуп жатат жана болуп кала берет" деп бир нече жолу билдирген. Индиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ариндам Багчи картанын жарыяланышына байланыштуу Пекинге катуу нааразылык билдирди.

Жаңы расмий карталар топтому жаңылыктарда, китептерде, жарнамалык материалдарда иллюстрация катары колдонууга арналган. Аларды маалымдама базалык карта катары да колдонсо болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: