super.kg logo

Бишкекте балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн акча алып жаткан жеринен мектеп директору кармалды (видео)

 

Бишкектеги мектептердин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан балдарды 1-класска кабыл алууда мектептердин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

"К.А.Т. материалдык баюу максатында, ошондой эле билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда буга байланыштуу УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык мотивдерди жана схемаларды жок кылуу боюнча иштерди улантууда.






Бишкекте балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн акча алып жаткан жеринен мектеп директору кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: