super.kg logo

Орусияда токой өртүн көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатат. Бийлик элден жардам сурады

 

Кечээ, 29-августта Орусиянын Геленжик районунда чыккан токой өртүн көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, учурда өрттүн аянты 30 гектарга чейин өскөн. Мекеменин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 400дөн ашык адам жана 70 техника, эки тик учак тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу соккон шамал жана татаал рельефтен улам өрттү өчүрүү кыйындап жатканын белгиледи.

"Инфраструктура объектилерине эч кандай коркунуч жок. Кырсыктан жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Краснодар аймагындагы Геленджик шаарынын бийлиги жергиликтүү тургундардан токойдогу өрттү өчүрүүгө жардам берүүнү суранган.

Ал эми өрт 40 жаштагы жергиликтүү тургундун электр кабелин сатууга даярдап жаткан учурда чыкканы аныкталган. Полиция кызматы шектүүнү кармаганы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: