Ташиев көзөмөлүнө алып, убакыт берген Ноокаттагы жол бир күн эрте бүттү (видео)





Ноокаттагы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги унаа жолуна асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү. Алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулуп, жумуштар толук жыйынтыкталат.
"Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка “Кыргыз унаа жол” мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде жүргөн.
Жер иштеринен тарта асфальт төшөөгө чейинки жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө туруп, учурда эки тилкеде тең иштер аяктады.
Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатты", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 20-июлда өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районундагы унаа жол 31-августка чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетерин айткан.
Ноокаттагы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады (видео)




1 |