super.kg logo

"Апасы, агасы...". Түркияда 29 жаштагы жаран чырдан улам үй-бүлөсүнө ок чыгарды

 

Түркияда үй-бүлөлүк тамактануу учурунда чыккан чырдан 1 адам каза таап, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 29-августта Адана аймагында катталган. Анда 29 жаштагы Бурак Ялчынкая тамактануу учурунда үй-бүлөсү менен уруша кеткен. Буга чейин баңгизат колдонууга шектелип жүргөн Бурак жанындагы тапанча менен апасына, агасына, жеңесине жана агасынын эки кызына ок чыгарган. Андан соң өз жанын кыюу үчүн өзүнө ок аткан.

Окуя болгон жерден шектүүнүн агасы каза тапкан. Ал эми жаракат алган 5 адам ооруканага жаткырылган. Учурда алардын дарылануусу уланууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, дарыланып жаткан 5 адамдын абалы оор деп бааланып жатат. Ошондой эле окуяга байланыштуу тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: