Эмдиги жылдан баштап жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы көтөрүлөт
Кийинки жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы көтөрүлөт. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 30-августта Биринчи Радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жогорку окуу жайларга кабыл алууда ЖРТнын босого баллын жок дегенде 2 баллга жогорулатуу керек.
"Кийинки жылы үч багытта иштейбиз. Анын ичинде ЖРТнын босого баллын жогорулатуу каралган. Айрым окуу жайларга кабыл алуунун баллын көтөрөбүз. Мындан тышкары, колледждерде да ЖРТ менен кабыл алынышы керек. Анткени абитуриенттер колледжге ЖРТсы жок эле өтүп алып, кийин жогорку окуу жайларга которулуп алып жатышат.
Келерки жылы ЖРТнын босого баллын жок дегенде 2 баллга көтөрүүбүз зарыл. Мамлекет билим берүү тармагына финансыны эки эсе көбөйтүп жатса, билим берүү кызматкерлери жигердүү жыйынтык менен жооп бериши керек", - деди Иманалиев.
