Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда ээнбаштык уюштурган айдоочуларга айып салынды (видео)
Чүйдүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда ээн баштык кылган айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Чүй ОИИББи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Чүй облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаалары менен авто ээнбаштык уюштурган видео коомчулукка тарады.
Ага ылайык, Ысык-Ата районунун ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары аныкталды. Анда ээнбаштык кылганы үчүн укук бузуу протоколдору толтурулуп, айдоочуларга 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ал эми унаалар айып короо жайына токтотулду.
.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда ээнбаштык кылган айдоочуларга айып салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.