Экинчи элдик курултай 15-декабрда өтөт
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, экинчи элдик курултай 15-декабрда өтөт. Курултайга республиканын бардык жеринен 700 делегат катышат. Былтыр 1 074 киши келген.
Өткөн аптада Садыр Жапаров былтыркы курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда бул документке "Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

