super.kg logo

Садыр Жапаров менен Жоан Лапорта "Барса" академиясынын курулушуна капсула салышты

 

Бүгүн, 30-августта "Барселона" футболдук клубунун академиясынын курулушуна капсула салынды. Кабарды өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, "Барса" академиясынын президенти Жоан Лапорта жана футболчулар катышты.

Маалым болгондой, "Барселона" академиясы Бишкектин түштүк тарабына салынат. Анда оюн аянтчасы, жабык футбол талаасы жана бир нече имарат курулат. Курулушту 2026-жылдын үчүнчү кварталында бүтүрүү пландалууда.

"Барселона" академиясынын расмий сайтындагы билдирүүгө ылайык, Жалал-Абадда курулган менен Бишкекте салынуучу академия клубдун Борбордук Азиядагы алгачкы академиясы болуп саналат.

"Барселона" футболдук клубу - Европадагы жана Дүйнөдөгү эң беделдүү футболдук клубдардын бири. Анда атактуу футбол жылдыздары Лионель Месси, Неймар, Роналдиньо сыяктуу оюнчулар ойногон.

Эске салсак, бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен беттешет.

Иш-чарага катышуу үчүн буга чейин Кыргызстанга "Барселона" футболдук клубунун президенти Жоан Лапорта, футболчулардан Карлес Пуйоль, Ривалдо жана Людовик Жюли , Хавьер Савиола баштаган футболчулар келишкен. Футболдук беттешке бразилиялык футболчу Роналдиньо да келмек. Бирок анын келбей турганын кечээ Айбек Алимбаев билдирген.

Ал эми кечээ, 29-августта президент Садыр Жапаров Жоан Лапорта жетектеген "Барселона" футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы болуп өттү.Буга байланыштуу "Барселона" футболдук клубу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстанга расмий ыраазычылыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: