Кийинки жылы Бишкекте мугалимдер үчүн үй салынышы мүмкүн
2024-жылы Бишкек шаарында мугалимдерге делген үй салынышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Биринчи Радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын аягына чейин долбоорлор түзүлүп, кийинки жылы балким ипотекалык же Сауд Арабиясынан келген акчанын негизинде жеңилдетилген насыя менен мугалимдер үчүн үй салынышы мүмкүн.
Ал бул үчүн министрликтин карамагындагы кампа үчүн колдонулган жер белгиленип, азыр жерди трансформациялоо процесси жүрүп жатканын айтты.
Ошондой эле кийинки жылы долбоор бүтүп калса мугалимдер үчүн пансионаттын курулушу башталарын билдирди. Ага 1 гектар жер каралып жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, министр Каныбек Иманалиев кэчээ, 29-август күнү педагогдордун август конференциясында мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат, 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула тургандыгын айткан.

