Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды



Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.
Оорукана жетекчилиги мекеме бөйрөк алмаштыруу операцияларын толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.
Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.
Мамлекет башчысы биринчи жолу ички органдарын трансплантациялоодон өткөн бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан жана медициналык мекемеде болуу шарттарынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгиледи.
Чет өлкөдө 50-60 миң доллар өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат.

