Бишкекте жүргүнчүлөрдөн акча алган троллейбус, автобус айдоочуларына катуу чаралар көрүлөт
Коомдук транспортто жол акыны кабыл алуучу валидатор иштебей калса, жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу. Мындай билдирүүнү бүгүн, 30-августта Бишкек мэриясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, автобус жана троллейбустарда жол акыны накталай алган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт. Бул аларды иштен бошотууга чейин барышы мүмкүн. Эгер коомдук транспортто валидатор иштебей калса, жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу. Мындай учурда айдоочу накталай төлөм талап кыла албайт.
Мурда белгиленгендей жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" транспорттук карталары, Виза, Элкарт банк карталары, ошондой эле "Mbank", "MegaPay", "Balance" мобилдик тиркемелери менен төлөй алышат.
Мэрия жол кире накталай кабыл алынып жаткан көрүнүшкө күбө болсоңуз 0502 205-202 номуру аркылуу кайрылууңуздарды суранат. Кайрылууда эреже бузуунун так күнү жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек.
Эске салсак, 20-августтан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жолк кирени накталай төлөөгө тыюу салынган.
