Бүгүн, 30-августтан 31-августка чейин Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (Бакаев көчөсү) жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкектин суу түтүктөрүн жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Профит Экспресс" ЖЧКсы Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллекторду куруу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.
Ага ылайык, 30-августта саат 22:00дөн 31-август саат 10:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат.
"Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.