super.kg logo

"10 жылга соттолгон". Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктын иши кайра кароого жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 30-августта Жогорку сот Кубанычбек уулу Аскарга карата кылмыш ишин карап, буга чейинки райондук жана шаардык соттун чечимдерин жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына аталган мекемеден билдиришти.

"Жогорку сот Кубанычбек уулу Аскарга байланыштуу 6-майдагы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 7-июнда Бишкек шаардык соту кабыл алган чечимди жокко чыгарды. Кылмыш иши башка курамдын биринчи инстанциядагы сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлдү. Адвокаттын кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылган",- деп билдирди мекемеден.

Белгилей кетсек, Аскар Кубанычбек уулу ушул жылдын 11-январында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан делген шек менен кармалган.

Ал 16-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Муну менен Аскар Кубанычбек уулу Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашып, жоопкерчиликке тартылган жаран болду.

Аскар Кубанычбек уулу сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Орусиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген.

Көп өтпөй кыргызстандык Орусиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга реакция кылып, маселе каралып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: